Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Россиянын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу "Сахарово" миграциялык борборунда 189 кыргызстандык, анын ичинде 33 аял кармалып турат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева борборго барып, мекендештердин кармоо шарттары, медициналык жардамдын көрсөтүлүшү жана укуктарынын сакталышы менен таанышты. Ошондой эле алар менен жолугушуп, Россиянын мыйзамдарын сактоо жана чет өлкөдө өз укуктарын коргоо маселелерин талкуулады.
Мекендештер кармоо мөөнөтү, депортациялоо тартиби, Россияга кайра кирүү шарттары, ошондой эле банк эсептери бөгөттөлгөндүктөн айып пулдарды жана насыяларды төлөө маселелери боюнча суроолорун беришти.
Жаманбаева миграциялык мыйзамдарды алдын ала үйрөнүп, негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында даттануу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, айрым мекендештер чечимдерге убагында даттанбагандыктан, көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилген.