АКШнын аскердик учагы кырсыкка учурады

Дүйнө 13 февраль 2025 09:23
АКШнын аскердик учагы кырсыкка учурады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. АКШнын аскердик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Сан-Диегонун Куткаруу кызматы кабарлаганын билдирди.

Маалыматка караганда, аскердик учак Сан-Диего булуңуна кулап түшкөн. Учактын бортунда эки учкуч болгон.

Аларды куткаруучулар суудан аман-эсен чыгарып, ооруканага жеткиришкен.

Учак кырсыкка кабылганы жатканда сигнал бергенби азырынча айтыла элек.