Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. 2040-жылга карата өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 50 пайызга жеткирүү милдети турат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул максатка жетүү үчүн жеринде ишканаларды колдоо жана туруктуу чийки зат базасын түзүү зарыл. Буга байланыштуу министрдин орун басары аймактагы бир катар ишканаларды кыдырып, көйгөйлөр менен жеринде таанышты.
Сапардын алкагында негизги көңүл Түп районундагы "Эрдик" кооперативине бурулду. Мында сафлор жана зыгыр майын өндүрүүчү жаңы цех ишке кирип, андан чыккан калдыктар мал тоютуна кайра иштетилүүдө.
2025-жылы ишкана 100 гектар жерге өсүмдүк эксе, быйыл кластердик ыкманын аркасында бул көрсөткүчтү 450-500 гектарга жеткирүүнү пландап жатат. Фермерлер үрөн менен камсыз болуп, түшүмдү кепилденген сатып алуу тутуму киргизилди.
Кошумча каржылык колдоо түзүлсө, ишкана алгач Түп районун, кийин бүтүндөй Ысык-Көл облусун ата мекендик өсүмдүк майы менен камсыз кылууга даяр.
"Өсүмдүк майы - калктын азык-түлүк коопсуздугуна түз таасир эткен социалдык маанилүү азык. Мамлекет менен өндүрүүчүлөрдүн тыгыз кызматташуусу гана импортту алмаштырууга жол ачат", - деп белгиледи Балтабаев.
Иш сапардын жыйынтыгында министрдин орун басары тиешелүү бөлүмдөргө «Эрдик» кооперативине ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү жана аймакта кирешелүү (маржиналдык) өсүмдүктөрдүн аянтын кеңейтүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.