Ата мекендик өндүрүш жана экспорт: Министр "Тойбосс" заводуна барды — Кабар

Ата мекендик өндүрүш жана экспорт: Министр "Тойбосс" заводуна барды

Экономика 23 февраль 2026 09:00
641154615_122203893626341273_6495797539567763352_n.jpg
638949465_122203893860341273_6100908820058213768_n.jpg
637651572_122203893836341273_4181868959072262874_n.jpg
637799111_122203893698341273_7773388978109954656_n.jpg
637851649_122203893752341273_4004119965588712672_n.jpg
639004971_122203893674341273_8590916608350103844_n.jpg
639085892_122203893620341273_7648516231554573491_n.jpg
639611837_122203893782341273_1701351198856155023_n.jpg
640503927_122203893524341273_4665684659885419742_n.jpg
641192011_122203893554341273_4584809392314561493_n.jpg
641624822_122203893476341273_7666210474765971083_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкектеги "Тойбосс" эт продукцияларын өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыкты.

Министр ишкана Кыргызстандагы халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт продукцияларын өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири экенин белгиледи.

Ишкананын негизги өндүрүшү Чүй облусунун аймагында жайгашканы менен анын продукциялары өлкө аймагында кеңири таралган, бардык фирмалык соода түйүндөрдө жана супермаркеттерде сунушталууда. Ошондой эле экспортко да чыгарылат. Учурда ишкананын продукциялары төмөнкү эл аралык стандарттарга жооп берет: Halal, ISO 22000:2018, FSSC 22000, HACCP.

Өндүрүштү аймактык деңгээлде өнүгүшү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кайра иштетүү тармагын чыңдоо өлкөнүн агроөнөр жай саясатынын маанилүү багыттарынын бири.

Иш сапардын алкагында министр Бакыт Төрөбаев ата мекендик өндүрүштү колдоо, кайра иштетүү тармагын кеңейтүү жана аймактардагы ишканалардын потенциалын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.