Айыл Банк ESG саясатынын негизинде илимпоздорду жабдуу менен камсыздады

Бизнес Загрузка... 15 Декабрь 2025 11:12
IMG_4297 (1).PNG
copyright icon "Айыл Банк" басма сөз кызматы

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Бишкекте өткөн «Кыргыз Республикасынын суулары, тоолору жана мөңгүлөрү: туруктуу келечек» аттуу жогорку деңгээлдеги конференцияга Айыл Банк катышты. Иш-чара мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн бириктирди.

ESG-багытын ишке ашыруу жана экологиялык жоопкерчилик алкагында Айыл Банк Ала-Арча изилдөө полигонунун «Адыгене» жогорку тоолуу илимий станциясына — HEUCKE ICE DRILL паробурун (баасы 4473 евро) тапшырды. Бул жабдуу Түндүк Тянь-Шань мөңгүлөрүндө жогорку тактыктагы изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө үчүн каралган.

Тапшырылган жабдуу илимий станцияга Адыгене, Панфилов жана Ак-Сай мөңгүлөрүндө системалуу өлчөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берип, мөңгүлөрдүн массасынын балансы боюнча маалыматтын үзгүлтүксүздүгүн камсыздайт. Мурда өзүнүн курал-жабдууларынын жоктугу изилдөөчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу чектеген.

«Айыл Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Тилек Алиджанов илимий долбоорлорду колдоо банктын экологиялык жоопкерчилигинин ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи:

«Климаттык чакырыктар шартында мөңгүлөрдү илимий изилдөө — бул Кыргызстандын туруктуу келечегине салым. Биз өз иши аркылуу өлкөнүн экологиялык жана суу коопсуздугун чыңдоого жардам берүүчү адистерге колдоо көрсөтүүдөн кубанычтабыз. ESG-баалоо жолубузду ишке ашырууда, биз табигый ресурстарды сактоого жана Кыргызстандын илимий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылабыз».

Конференция климаттын өзгөрүшү менен байланышкан чакырыктарды талкуулап, өлкөнүн тоолуу экосистемаларын коргоо үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү.

Улуттук банктын лицензиясы № 048