Аймактарда жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүүнүн агротехникасы окутулду

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 12:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Өлкөнүн аймактарында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехникасын окутуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анда райондук агрардык башкармалыктардын, айыл өкмөттөрдүн жана муниципалдык ишканалардын жайыт тармагы боюнча адистери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды көп жылдык пайдалануу пландарын түзүүнүн тартибин жана жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехникасын окушту.

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды ар жылдык пайдалануу пландарына негизги төмөнкү иш-чаралар камтылат:

  • айыл аймактын жайыттарынын аянттары;
  • мал айдап өтүүчү жолдор;
  • жайыттарга көчүп –конуу графиги, көчүп-конуу иштерин уюштуруу;
  • айыл аймактагы жайытка чыга турган малдын саны, шарттуу башы;
  • жайыттардын инфрастуктурасын жана жайыттардын абалын жакшыртуу;
  • жайыттарды эс алдырууга калтыруу (Министрликтин буйругуна ылайык жакынкы жайыттар 15-апрелден 15- сентябрына чейин эс алууга калтырылат);
  • жайыт пайдалануучулардын ички тартип эрежелери;
    жайыт пайдалануучулар менен келишим тузүү, жайыт белеттерин берүү;
  • ар жылдык жайыт пайдалануунун бюджети.