Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Аймактардан келген адистерди Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда окутуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министр Дамир Осмонов борбордун иши менен таанышып, аймактарда жашаган балдарга реабилитациялык жардамды жеткиликтүү кылууну белгиледи.
Министрдин айтымында, адистерди борбордун базасында окутуу аркылуу аймактарда балдарга керектүү жардамды көрсөтө алган адистердин санын көбөйтүүгө болот. Мунун натыйжасында үй-бүлөлөр Бишкекке келбей эле, зарыл кызматтарды жашаган жерине жакын жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондой эле борбордо кошумча реабилитациялык корпус куруу маселеси каралды. Кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү анын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого жардам берүүгө даяр экенин билдиришти.
Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда балдарга медициналык, психологиялык жана педагогикалык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле ата-энелерге баланын өнүгүүсүнө байланыштуу кеңештер берилет.
2019–2026-жылдар арасы мекемеде 2 миңден ашуун ата-эне окутулуп, 1,5 миңге жакын жеке консультация өткөрүлгөн. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 185 үй-бүлө кызмат алган. Учурда борбордун кызматынан 242 үй-бүлө пайдаланууда.