Орточо айлык акы 45 миң сомду түздү: Кайсы тармактарда жогорулады?

Экономика Загрузка... 19 Март 2026 11:05
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь айында орточо айлык акы 45 миң 797 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, баалардын көтөрүлүшүн эсепке алганда, айлык акынын реалдуу өлчөмү 6,3 пайызга жогорулаган.

Төлөмдөрдүн өсүшү ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө катталды. Эң байкаларлык жогорулоо төмөнкү тармактарда болду:

  • административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — 49,4 пайызга;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү — 35,8 пайызга;
  • энергетика (газ, электр энергиясы жана буу менен камсыздоо) — 30,5 пайызга;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 27,8 пайызга;
  • кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар — 23,1 пайызга;
  • айыл, токой жана балык чарбасы — 25,3 пайызга