Айбек Айдаров юстиция министринин орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 02 Март 2026 18:36
6e25006b-40cc-40fe-8a1b-737f4c31570f.jpg
copyright icon Юстиция министрлиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Айдаров Айбек Самудинович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ал Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, учурда "Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы" багыты боюнча аспирантурада окуп жатат.

Мамлекеттик органдарда 15 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар. Ар кайсы жылдары Экономика министрлигинде, Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинде, президенттин администрациясында иштеген.

Дайындалганга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгын жетектеген.

Нормативдик-укуктук актыларга укуктук экспертиза жүргүзүү, инвестициялык саясатты коштоо жана жогорку мамлекеттик органдардын ишин укуктук жактан камсыз кылуу боюнча тажрыйбасы бар.