Агросекторду колдоо: 6 айда 6,8 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 14:45
WhatsApp Image 2026-08-05 at 14.20.11 (1).jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. 2026-жылдын биринчи жарым жылында мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында агроөнөр жай комплексин, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоого 6 млрд 781,7 млн сом көлөмүндө насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, алты айдын ичинде 4 457 насыя берилип, мамлекеттик программалар боюнча каралган жалпы каржылоо көлөмү 9 млрд 790 млн сомду түзөт.

Анын ичинен:

  • “Айыл чарбасын каржылоо – 14” программасы аркылуу 3 846 насыяга 2 млрд 530,8 млн сом бөлүндү;
  • Агроөнөр жай комплексин насыялоо программасы боюнча 375 насыяга 1 млрд 498,3 млн сом багытталды;
  • Чакан жана орто ишкердикти жеңилдетилген насыялоо программасынын алкагында 180 долбоорго 2 млрд 528,2 млн сом берилди.

Ошондой эле асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 176,1 млн сом, бириккен товар өндүрүүчүлөрдү колдоого 46,8 млн сом, ал эми үрөнчүлүк жана питомник чарбасын өнүктүрүүгө 1,5 млн сом жеңилдетилген насыя бөлүнгөн.

Мындан тышкары, эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга 750 млн сомдук каржылоо каралды.