Бишкек, 28.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунда картошка, кант кызылчасын, сабиз жана болгар калемпирин өстүрүп эң жогорку көрсөткүчтө түшүм алган дыйкандар өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун фермери Азамат Касеев картошканын “Ривьера”, “Сантэ”, “Пикассо” жана “Раноми” сортторун айдап, 1 гектарынан 58,0 тоннага чейин түшүм жыйнап келет. Бул учурда республикадагы орточо түшүмдүүлүк гектарына 17,9 гана тоннаны түзөт.
Экинчи дыйкан жер которуштуруп айдоону өз тажрыйбасында колдонуп келген Чүй районунун тургуну Жумабек Наматбеков кант кызылчасынын немис гибриддеринин сортторун айдап, 1 гектарынан 800 центнерден ашуун түшүм жыйнаган.
Ал эми Чүй облусунун Москва районунун фермери, 2019-жылдан бери сабиз өстүрүү тармагы менен алектенип келген Талант Шамеев тамчылатып сугаруу механизмин колдонуу менен сабиздин “Кордоба” сортун өстүрүп, 1 гектарынан 90,0 тоннага чейин түшүм жыйнаган. Негизи сабиздин республикадагы орточо түшүмдүүлүгү гектарына 19,0 тоннадан айланат.
Ошондой эле болгар калемпирин өстүрүү менен алектенген Чүй облусунун Сокулук районуну фермери Пиров Байноб 2024-жылы 2 гектар жерге “Ласточка” сортундагы калемпир айдап, 1 гектарынан 400,0 центнерден түшүм алган. Учурда болгар калемпири боюнча республикадагы орточо түшүмдүүлүк гектарына 200,0 центнерден айланат.
Эске салсак, “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму өлкөнүн айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болууда. Форумдун жыйынтыгында мыкты практикалар жалпыга жайылтылып, дыйкандар арасында туруктуу өнүгүү принциптерин бекемдемекчи.