Агартуу министри Жети-Өгүздүн мектептериндеги “Акыркы коңгуроого” катышты

Аймак 26 Май 2025 12:25
495938181_1133558188817924_7659635809264769601_n.jpg
494693450_1133558218817921_756934931521051698_n.jpg
500513875_1133558632151213_8111554737695609008_n.jpg
498283055_1133558615484548_7714383149055042575_n.jpg
493134172_1133558572151219_6201852419021418671_n.jpg
499926577_1133558375484572_1537595797113012315_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Агартуу министри Жети-Өгүздөгү мектептерде өткөн “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 26-майда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы Т. Мурзабеков атындагы жана С. Мендебаев атындагы мектепте, ошондой эле аталган райондун Оргочор айылындагы М. Тынаев атындагы мектепте өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен жылуу маанайда куттуктап, изги каалоо-тилектерин айтты.

"Кендирбаева жаш муундарды окутуп, тарбиялоо ишине кошкон салымдары үчүн бир катар педагогдорго министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырып, ийгилик каалады",-деп айтылат маалыматта.