Касымалиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору менен жолукту

Министрлер кабинети 15 сентябрь 2026 11:35
Касымалиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору менен жолукту
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолукту.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинети Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу тармактарында мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле орто мөөнөттүү келечекте кызматташтыкты мындан ары активдештирүү боюнча пикир алмашышты. 

Тараптар Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ болгон "Камбар-Ата-1 ГЭСи" долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Адылбек Касымалиев министрлер кабинети мындан аркы конструктивдүү диалогго ачык экенин белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин экономикалык өсүштүн туруктуу жогорку темпин байкаганын, ошондой эле Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантууга Дүйнөлүк банктын даярдыгын дагы бир жолу ырастады.