Адылбек Касымалиев "Альянс Алтын" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинети 1370 22 Май 2025 09:15
682dd3fa46457.jpeg
682dd6037ed2d.jpeg
682dd4009a084.jpeg
682dd501b687f.jpeg
682dd60e8918a.jpeg
682dd60ace2a2.jpeg
682dd50b16b71.jpeg
682dd40c24d1b.jpeg
682dd5ec3d030.jpeg
682dd5e5a64dd.jpeg
682dd5dd28fc8.jpeg
682dd5d6af470.jpeg
682dd5c4c9f16.jpeg
682dd5bdcdcb7.jpeg
682dd5a3e4775.jpeg
682dd5a00f8d6.jpeg
682dd4ea1ff00.jpeg
682dd4e1de6da.jpeg
682dd4de2e8f6.jpeg
682dd4da84359.jpeg
682dd3ff60436.jpeg
Алдыга
Артка
682dd3fa46457.jpeg
682dd6037ed2d.jpeg
682dd4009a084.jpeg
682dd501b687f.jpeg
682dd60e8918a.jpeg
682dd60ace2a2.jpeg
682dd50b16b71.jpeg
682dd40c24d1b.jpeg
682dd5ec3d030.jpeg
682dd5e5a64dd.jpeg
682dd5dd28fc8.jpeg
682dd5d6af470.jpeg
682dd5c4c9f16.jpeg
682dd5bdcdcb7.jpeg
682dd5a3e4775.jpeg
682dd5a00f8d6.jpeg
682dd4ea1ff00.jpeg
682dd4e1de6da.jpeg
682dd4de2e8f6.jpeg
682dd4da84359.jpeg
682dd3ff60436.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жерүй алтын кениндеги “Альянс Алтын” ишканасына барды. 

Минкаб төрагасы алтын ылгоочу фабриканы карап чыгып, анда өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар, экологиялык нормалардын сакталышы, иштетүүнүн жүрүшү, казып алуунун көлөмү тууралуу айтып беришти. 

Ошондой эле ал калдыктарды сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу менен таанышты. 

Белгиленгендей, 2015-жылдан 2025-жылдын апрелине чейин компания бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 28,4 млрд сом, анын ичинде алтын сатуудан 21,5 млрд сом салык которгон. 2016-2025-жылдар аралыгында аймактын жашоочуларына, мекеме-уюмдарына түз социалдык жардам 317,8 млн сомду түздү. Каражат медицина, билим берүү, спорт жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды.

Ишкана жылына 5 тоннага чейин алтын өндүргөн долбоордук кубаттуулукка чыкты. 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын апрелине чейин Жерүйдө 6,9 млн тонна руда казылып алынып, 17,6 тонна “Доре” уютмасы өндүрүлүп, анын ичинен 17,3 тоннадан ашыгы сатылып бүттү.

Ишканада подряддык уюмдарды эсепке алуу менен 1,5 миң адам иштейт. 

Минкаб төрагасы жер казынасын жоопкерчиликтүү пайдалануу, тиешелүү коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ишканага мындан аркы ийгиликтерди каалады. 

Мындан тышкары, жумуш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Турак жай комплекси 310 батирге ылайыкталган.