“Альянс Алтын” тогуз айда бюджетке 19,5 млрд сом которду

Экономика
“Альянс Алтын” тогуз айда бюджетке 19,5 млрд сом которду
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын тогуз айында Жерүй кенин иштеткен ”Альянс Алтын“ компаниясы Кыргызстандын бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19,5 млрд сом которду. Бул тууралуу компаниядан билдиришти,

Маалыматка караганда, ишкана 2015-жылдан бери мамлекеттик бюджетке жалпысынан 59,42 млрд сом төлөгөн.

Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен бери Талас облусун өнүктүрүүгө компаниянын кирешесинин 2%ы бөлүнүп, бул багытта 3,51 млрд сом которулган.

Учурда Жерүй кенинде 973 адам эмгектенет. Алардын 679у Талас облусунун тургундары.