Адылбек Касымалиев: 2025-жылы бюджет 1 трлн сомдон ашты

Экономика Загрузка... 27 Февраль 2026 11:45
----------------------_2025-09-01_103157972-1.png
copyright icon WWW

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтүп жатат.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.

Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин көлөмү 1 трлн 101,4 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 392,5 млрд сомго көп. Республикалык бюджеттин мындай өсүшү ички дүң продукциянын (ИДП) жогорулашы жана салыктык башкаруунун жакшыртылышы менен камсыз болду.

"Эгерде 2020-жылы салыктык түшүүлөр 78 млрд сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 304,3 млрд сомго жетти", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле район акимдери катышууда.