Адис: Мугалим заман талабына ылайык болушу керек

Коом Загрузка... 10 Март 2025 17:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Заман талабына ылайык педагог универсал болушу керек. Бул тууралуу Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аккредитациялоо, лицензиялоо жана билим берүү программаларынын сапатына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Дүйшебаева билдирди.

Анын айтымында, ыкчам өнүгүп жаткан учурдун талабына ылайык окуучуга билим берип жаткан мугалимдин өзү өзгөрмөйүнчө, окуучулардын билим сапаты да жогорулабайт.

“Биз жашап жаткан аябай ыкчам өнүгүп жаткан доор. Бүгүнкү күндө биз билим экономикасынан инновациялык экономикага өтүп жатабыз. Бул инновациялык экономиканы өнүктүрө турган адистердин көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мугалимдин өзүндө коммуникация, чыгармачылык, командада иштөө, критикалык ой жүгүртүү сыяктуу заманбап сапаттар болушу керек. Муну эске алуу менен педагогторду окутууда билим берүүнүн стандартын иштеп чыгуу үчүн атайын билим Берүү жана илим министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлдү”,-деди ал.