“Ачык министрлик” долбоору: Агартуу министрлиги жарандардын суроолоруна жооп берет

Коом 7 сентябрь 2026 10:45
DSC_3010_FhngRz7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
797727502_1368693305428678_1156615177587802419_n.jpg
794385429_28298424703101631_9056799257612702701_n.jpg
795592764_1373012068367596_7432153607515993603_n.jpg
794296061_2634397583742144_4297954504798486628_n.jpg
793070330_27478391491835529_8059865681105341062_n.jpg
795946432_1078673638495715_4620533057725920474_n.jpg
795704704_1537717394325708_3392464058585105847_n.jpg
797694772_2537015946725450_7433370568030303302_n.jpg
795946257_1689795972660528_7934167834724777665_n.jpg
793478576_1406707794858331_8074026636904256273_n.jpg
797250487_2014275409239903_8235834042253472488_n.jpg
797841669_1413177120906636_4969184326326906781_n.jpg
795485510_1072369751840103_9080194401253694134_n.jpg
795451702_1632302245236917_597757969444318602_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги “Ачык министрлик” долбоорун баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы окуу жылынын алдында министрликтин жетекчилиги жана башкармалыктардын башчылары ата-энелердин жана коомчулуктун билим берүү тармагына байланыштуу суроолоруна WhatsApp аркылуу жооп беришет.

Эгер жеринде чечилбей жаткан маселелер болсо, төмөнкү багыттар боюнча жарандар кайрылса болот:

  • Мектепке чейинки билим берүү - Нурзида Касымова;
  • Жалпы орто билим берүү - Мелисбек Музулманов;
  • Башталгыч кесиптик билим берүү - Бактыгүл Акулова;
  • Кадр маселелери - Гүлзат Чотбаева;
  • Каржылоо маселелери - Руслан Садырбаев;
  • Кошумча билим берүү жана тарбия иштери - Алтынбек Эркимбеков;
  • Санариптик платформалар - Гулиза Көчөрбаева;
  • Укуктук маселелер - Дүйшөн Акимжанов;
  • Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура маселелери - Тимур Дуйшеев;
  • Аккредитациялоо жана лицензиялоо - Марат Усупбеков.

Министрликтен белгилешкендей, материалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле баланы мектепке же бала бакчага жайгаштыруу боюнча жеке кайрылуулар кабыл алынбайт.

“Суроолор так, түшүнүктүү жана билим берүү тармагына тиешелүү болушу керек. Кемсинткен, мазактаган жана адепке туура келбеген билдирүүлөргө жол берилбейт. Суроолор WhatsApp аркылуу иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.