БАЭде кыргыз-араб ишкерлер кеңешинин жыйыны өтүүдө

Экономика 635 05 Февраль 2025 13:11
474472568_18371253136186715_6626723776256595082_n.jpg
475080783_18371253145186715_9046691602086830445_n.jpg
475129745_18371253166186715_8545759351874766739_n.jpg
475411419_18371253175186715_6848345203846615775_n.jpg
475446015_18371253157186715_7665403064611591388_n.jpg
475451622_18371253190186715_1144234784557525481_n.jpg
475889334_18371253199186715_5028705335605760879_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарында кыргыз-араб ишкерлер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы түзүлгөн кыргыз-араб ишкерлер кеңеши Кыргызстан менен араб дүйнөсүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн негизги платформасы катары өзүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Нартаев жыйынды ачып жатып стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташууну соода-экономикалык чөйрөдө гана эмес, маданий-агартуу байланыштарын чыңдоодо да кеңейтүү келечегин белгиледи.

Өз кезегинде Шарджа Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Султан Абдулла Аль Овайс араб тараптын Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда кыргыз делегациясы эки негизги долбоорду сунуштады. Алардын бири БАЭнин бизнес-коомчулугунда чоң кызыгууну жараткан жана интеллектуалдык жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө инвестиция тартуу потенциалын көрсөткөн “Шахмат шаары” инновациялык долбоору. Экинчиси, кичи ГЭСтерди куруу жана долбоорлоо жаатында алдыңкы оюнчу болгон AK-BUURA GROUP компаниясынын долбоору.