6 айда 39 адам коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Укук тартиби Загрузка... 04 Июль 2025 18:18
1057295.345a29393df8444ece0ade3e42264557.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын 6 айында Чүй облусунун укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар боюнча 66 кылмыш иши козголду.

Чүй облустук прокуратурасынан билдиришкендей, анын ичинен 14 иш боюнча тергөө жүрүшүндө 39 адамдын коррупцияга байланыштуу кылмыш аракеттери далилденип, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Коррупциялык кылмыштардын эң кеңири таралган түрлөрүнө мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлердин пара алуу фактылары, тендер жана сатып алууларда мыйзам бузуулар, лицензиялоо жана уруксат берүү тармагындагы мыйзамсыз аракеттер, бюджеттик каражаттарды өз кызыкчылыгына пайдалануу же ыйгарып алуу фактылары кирет.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, укук коргоо жана көзөмөл органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Ага карабастан айрым мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында коррупциялык көрүнүштөр орун алып жаткандыгы байкалууда.

Белгиленгендей, учурдагы мыйзамдарга ылайык, коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жаза чарасы катары айып пул салуу түрү алып салынган. 2024-жылдан баштап Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө мындай кылмыштар үчүн негизги жаза катары камакка алуу гана каралган. Бул чара коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө жана кылмышкердин жазадан кутулуп кетишине жол бербөөгө багытталган.