Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. 2030-жылдары өлкөнүн ИДПсы 30 миллиарддан кем болбошу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирди.
Төраганын айтымында, Кыргызстан 2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын, программасын кабыл алды. Анын алкагында өлкөнүн ички дүң продукциясы кеминде 30 миллиарддан ашышы керек. Ал эми ИДП өткөн жылы 22,6 миллиарддын тегереги болгон.
“Буга өнөр жай, курулуш тармагынын өсүшү таасир этүүдө. Айыл чарба да жылына болжол менен 2-4% өсүп жатат. Ошондой эле кызмат көрсөтүү тармагы бар. Өнөр жай боюнча кеминде 100дөй ишкана ачууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, дагы көптөгөн өндүрүш ишканалары ачылат. Буйрутмаларды чыгарып, өзүбүз бекитүүдөбүз. Өзбекстандын тажрыйбасындай ар бир объектиге министрлерди жооптуу кылып бекитип жатабыз”, - деген Касымалиев.