Былтыр ирригация тармагына 1,7 млрд сом багытталды

Экономика Загрузка... 27 Февраль 2026 11:50
1.webp
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда ирригация тармагына 1,7 млрд сом багытталган. Бул тууралуу бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда 41 объектте долбоорлоо иштери, ал эми 33 объектте курулуш иштери жүрүп жатат.

"Ошондой эле 10 объектте курулуш-калыбына келтирүү иштери, 24 объектте долбоорлоо иштери аткарылууда", — деди ал.