Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. 2025-жылы 35 күрөөкананын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башчысы Сүйөркул Ашимжан уулу билдирди.
Анын айтымында, Укук бузуулар кодекси боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталса, күрөөканаларга айып пул салынат. Мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзсө, лицензиясын алууга чейинки чаралар көрүлөт.

“Мыйзамдарга өзгөртүү киргенден баштап күрөөканалардын пайыздык чени 30дан аша элек. Алар мыйзамдагы чектөөгө баш ийбесе, же болбосо өздөрү каалагандай пайыздык чендерди койсо, же ошол талапты бузса, фактысы билинген учурдан тартып аларды пландан тышкары текшеребиз. Анда пайыздык чендер бузулган болсо, Укук бузуулар кодекси боюнча айып пул салабыз. Мындан тышкары, ишин токтотобуз. Ага да карабай пайыздык ченди өзгөртпөй мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзсө, лицензиясын алууга чейинки чараларды колдоно алабыз", - деди ал.
Сүйөркул Ашимжан уулунун пикиринде, былтыр 40тай күрөөкана текшерилип, айып салынган. Эң көп өлчөмдөгү айып пулдун суммасы 310 миң сомго чейин жеткен.
"Акыркы 2025-жылы болжолдуу турдө 35 лицензиясы токтотулду. Ошондой эле былтыр пландык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 30-40 ломбарддын ишмердүүлүгү текшерилип, айып салынып, жазма буйруктар берилди. Айып пулдун суммасы ломбарддардын мыйзам бузуу фактысына жараша болот. Эң көп өлчөмдөгү айып пулдун суммасы 310 миң сомго чейин жетти. Алар 30 күн ичинде мыйзам бузууларды калыбына келтирди”, - деп айтты ал.