2024-жылы өлкө аймагында 17 көпүрө курулуп, колдонууга берилди

Коом Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. 2024-жылы республиканын аймагында 17 кɵпүрɵ толугу менен курулуп бүтүп, колдонууга берилди.

Ведоствонун маалыматына ылайык, төмөнкү аймактарда көпүрөлөр курулган.

- Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы “Абшыр-Сай” көпүрөсү, 43-чакырымында жайгашкан “Чили-Сай” жана 29-чакырымындагы жайгашкан Кыркол-Сай көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулуп бүткөрүлдү.

- Кочкор—Коммунизм унаа жолунундагы Чу дарыясынан өтүүчү узуну 54 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу аяктады.

- Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.

- Москва районундагы №16 түзөтүү колониясынын аймагындагы көпүрө курулуп бүттү.

- Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы көпүрөнүн курулушу аяктады. Аталган көпүрө селден улам жараксыз абалга кептелген. Анын узундугу 31 метрди түзүп, эки тилкелүү болуп салынды. Жалал-Абад облусуна караштуу Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.

- Боспиек-Жергетал-Капчыгай көпүрөсүнүн курулуш иштери 100% аяктады.

- Сузак районундагы Жалал-Абад — Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашып, Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрө колдонууга берилди.

- Баткен облусунун Халмион айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылындагы көпүрөнүн курулуш иштери аяктады.

- Топ-Жаңгак-Кара-Суу автожолунда жайгашкан көпүрөнүн курулуш аяктады.

Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.

- Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак-Арал-Жийде унаа жолунунун 7-чакырымына көпүрө салынды.

- Кайтпас-Өтүкчү унаа жолунун 24,7 чакырымында орун алган көпүрөнү ондоо иштери аяктады.

- Сох – Кан – Зардалы жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады.

Ошондой эле эл аралык маанидеги Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында орун алган (Үрмарал дарыясы) жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу "Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо" долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.

Белгилей кетсек, 2023 – жылдары 7 кɵпүрɵ курулуп, 2 кɵпүрɵнүн курулушу 2024 –жылы уланды. Ал эми 2024 –жылы жалпысынан 17 кɵпүрɵ толугу менен курулуп бүтүп, колдонууга берилди.