2024-жылдын жыйынтыгы менен маданият жана спорт тармагындагы мыкты 10 мекеме белгилүү болду - тизме

599 11 Февраль 2025 15:19
280831558964890_big.jpg
476449253_929166249375132_6600948543070539432_n.jpg
476453165_929166139375143_3917133505910680119_n.jpg
476469359_929166172708473_2379889996072768613_n.jpg
476560909_929166449375112_5055881904501495987_n.jpg
476607560_929166272708463_4483133690920453087_n.jpg
476762506_929166106041813_7112806731817277861_n.jpg
476806870_929166416041782_7296096702683086077_n.jpg
476823586_929166386041785_5768402293676098360_n.jpg
476827976_929166356041788_6473929377322585318_n.jpg
476834183_929166126041811_8669254582111735425_n.jpg
478302722_929166289375128_3670060103233307835_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен өлкөдө маданият жана спорт тармагындагы мыкты 10 мекеме белгилүү болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, аларга 150 миң сом өлчөмүндө атайын сыйлыктар тапшырылды.

Маданият министри Алтынбек Максутов бул колдоо жыл сайын өткөрүлөрүн жана тандоо критерийлери жакшыртыларын белгиледи.

“Биздин максат – маданият жана спорт мекемелеринин арасында атаандаштыкты күчөтүп, жогорку натыйжаларга жетүүгө шыктандыруу. Кийинки жылдары кесиптик майрамдарга карата кошумча сыйлыктар да уюштурулат. Маселен, мыкты музыка мугалими, мыкты театр актёру сыяктуу номинациялар болушу мүмкүн”, – деп билдирди министр.

Жеңүүчүлөр төмөнкү мекемелер болду:

1. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония;
2. Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры;
3. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети;
4. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы Театр окуу жайы;
5. Пётр Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби;
6. Карамолдо Орозов атындагы Балдар искусство мектеби (Чолпон-Ата ш.);
7. "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси;
8. Ош облусунун Араван райондук Маданият үйү;
9. Токтогул Сатылгановдун мемориалдык үй-музейи (Жалал-Абад облусу);
10. Кара-Кулжа районунун Борборлоштурулган китепканалар тармагы.