1-майдан тарта эски үлгүдөгү долларды алмаштырууда комиссия алынат

Экономика Загрузка... 25 Март 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-03-25 at 17.34.43.jpeg
copyright icon www

Бишкек 25.03.25 /Кабар/. Мындан ары коммерциялык банктардан, акча алмашуу бюролорунан эски үлгүдөгү АКШ долларын алмаштырууда комиссия алынат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Анда 2025-жылдын 19-мартында "Кыргыз Республикасында накталай төлөм аркылуу чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр киргизилгени айтылат. Бул мыйзам 1-майдан тарта күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мында 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары тууралуу сөз болууда. Ал төлөм каражаты катары статусун жоготкон жок.

Ошол эле учурда, комиссиянын көлөмү негиздүү болушу керек, жогоруда көрсөтүлгөн акчанын экспорту менен байланышкан чыгымдар эске алынып, акталууга тийиш.

Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланган: www.nbkr.kg/