“Көчмөндөр ааламы”: 13 сынак боюнча мыктылар аныкталды

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 21:31
IMG_2378.jpeg
IMG_2385.jpeg
IMG_2376.jpeg
IMG_2377.jpeg
IMG_2379.jpeg
IMG_2380.jpeg
IMG_2382.jpeg
IMG_2381.jpeg
IMG_2383.jpeg
IMG_2384.jpeg
IMG_2386.jpeg
IMG_2387.jpeg
IMG_2389.jpeg
IMG_2388.jpeg
IMG_2392.jpeg
IMG_2391.jpeg
IMG_2390.jpeg
IMG_2394.jpeg
IMG_2395.jpeg
IMG_2393.jpeg
IMG_2398.jpeg
IMG_2396.jpeg
IMG_2397.jpeg
IMG_2400.jpeg
IMG_2401.jpeg
IMG_2399.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2378.jpeg
IMG_2385.jpeg
IMG_2376.jpeg
IMG_2377.jpeg
IMG_2379.jpeg
IMG_2380.jpeg
IMG_2382.jpeg
IMG_2381.jpeg
IMG_2383.jpeg
IMG_2384.jpeg
IMG_2386.jpeg
IMG_2387.jpeg
IMG_2389.jpeg
IMG_2388.jpeg
IMG_2392.jpeg
IMG_2391.jpeg
IMG_2390.jpeg
IMG_2394.jpeg
IMG_2395.jpeg
IMG_2393.jpeg
IMG_2398.jpeg
IMG_2396.jpeg
IMG_2397.jpeg
IMG_2400.jpeg
IMG_2401.jpeg
IMG_2399.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы ”Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында 13 республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынактарга өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан жана коомдук уюмдардан 1331 катышуучу катышты. Алар улуттук музыка, бий, кол өнөрчүлүк, салттуу кийим, тамак-аш жана боз үй тигүү боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Негизги сынактардын жеңүүчүлөрү:

”Көчмөн кайрык”

  • Баш байге — Чүй облусунун квартети;
  • I орун — Ысык-Көлдүн ”Кут“ фольклордук тобу;
  • II орун — Бишкек шаарынан Кыдыралиев Н.А. триосу;
  • III орун — Улукбек Кулжачаров жана Бакберди Айдаркан уулу.

”Бий ыргак”

  • Баш байге — Бишкек ордо;
  • I орун — Саламат Мукамбетовдун ”Тактеке” бийи;
  • II орун — ”Арууке бий” тобу;
  • III орун — ”Санат” жана ”Мүрөк” топтору.

”Уз-уста”

  • Темирчилик жана зергерчилик — баш байге Ырысбек Мамбетакунов;
  • Жыгаччылык — баш байге Нурадин Абдразаков;
  • Саймачылык — баш байге Саидрахман Шарипов;
  • Көнчүлүк — баш байге Кадырбек Мусаев.

”Саркеч”

  • Баш байге — Нуржамал Асангулова;
  • I орун — Перизат Исакбаева;
  • II орун — Зарылкан Соноева;
  • III орун — ”Пери Этно” мода үйү жана Рахима Абдырасулова.

”Улуттук каада-салттар”

  • Баш байге — Ош шаары;
  • I орун — Чүй облусу;
  • II орун — Нарын облусу;
  • III орун — Ысык-Көл жана Ош облустары.

”Көчмөн даамы”

  • Баш байге — Ысык-Көл облусу;
  • I орун — Жалал-Абад облусу;
  • II орун — Ош шаары;
  • III орун — Чүй жана Нарын облустары.

”Мыкты кыргыз боз үйү”

  • Баш байге — Ысык-Көл облусу;
  • I орун — ”Кийиз-Дүйнө” коомдук фонду;
  • II орун — Нарын облусу;
  • III орун — Баткен облусу жана Бишкек шаары.

Сынактардын негизги максаты — улуттук мурастарды, салт-санааны жана көчмөн маданиятын сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү.