Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жыргалаң аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААК маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин аткарып жатышат. Жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, жолдун жээктериндеги эңкейиштер түздөлүп, жер полотносун калыптандыруу жана жолдун негизин даярдоо иштери аткарылууда.
Жолдун аймагында суунун туура агып кетишин камсыз кылуу үчүн дренаж системасы да орнотулууда. Анын алкагында траншеялар казылып, негиз даярдалып, таш материалдары төшөлүүдө.