Бүгүн күн жылуу болот, бирок тоолордо кар көчкү коркунучу бар

Коом
Бүгүн күн жылуу болот, бирок тоолордо кар көчкү коркунучу бар
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймагында ала булут каптап турат. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Абанын температурасы Талас облусунда +16…+21, Чүйдө +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын облусунда +6…+11 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +21…+23, Ош шаарында +20…+22 градуска чейин көтөрүлөт.