Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл облусунда +6...+11, Нарын облусунда +5...+10 градус жылуу болот.
Бишкекте абанын температурасы +16...+18, ал эми Ош шаарында +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт. Борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаайт.