“Жусуп” тарыхый тасмасынын бет ачары өттү

Маданият 17 сентябрь 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-09-17 at 10.58.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 10.58.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 10.58.17.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-17 at 10.58.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 10.58.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 10.58.17.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Бишкекте Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердигине арналган “Жусуп” тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата тартылган.

Тарыхый-көркөм тасма Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылып, анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана тарыхый ишмердүүлүгү баяндалат.

Бет ачарга минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмер Роза Айтматова, маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү, тасманын чыгармачыл тобу катышты.