Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Бабур атындагы театрда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолуна арналган "Жусуп" аттуу даректүү спектакли коюлду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, спектаклди көрүүгө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Спектаклде Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө салымын кошкон кыргыздын кыраан, алгачкы интеллегенциясынын көрүнүктүү өкүлү Жусуп Абдрахмановдун жашоосу жана жеке трагедиясы баяндалды.