Астанада Жусуп Абдрахманов атындагы көчө пайда болушу мүмкүн

Коом 16 Апрель 2026 10:25
1722433944_photo_5282947874914688832_y.jpg
670486082_1269863925326827_3170773510867524706_n.jpg
Алдыга
Артка
1722433944_photo_5282947874914688832_y.jpg
670486082_1269863925326827_3170773510867524706_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушканда айтты.

Белгиленгендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.