Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, кабыл алынды.
Региондорду өнүктүрүү боюнча токтомдун негизги максаты – өлкөнүн бардык аймактарын тең салмактуу өнүктүрүү, жер-жерлерде жумуш орундарын түзүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу.
Бул жолку жыйында кабыл алынган чечимдер өз убагында жана толук аткарылышы керектигин белгилеген министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, отурумдун күн тартибине кирген маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.