Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында “2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү” мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоору саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов тарабынан баяндалып, аны министрлер кабинетинин мүчөлөрү жактырды.
Чечим медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Бул багытта минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев акыркы жылдары мамлекет тарабынан саламаттык сактоодо каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин, бөйрөк оорулары боюнча да мамлекет чоң чыгымдарды өзүнө алып жатканын белгиледи.
“Бирок биздин максат адамды гемодиализге жеткиргенден кийин дарылоо эмес, ага жеткирбөө болушу керек. Бөйрөк оорусун эрте аныктап, алдын алуу – бүгүнкү негизги милдет. Ошондуктан бүгүн каралып жаткан 2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программа – бул миңдеген жарандарыбыздын өмүрүн сактоо, үй-бүлөлөрдүн түйшүгүн азайтуу жана мамлекеттин миллиарддаган каражатын натыйжалуу пайдалануу маселеси”, – деди ал.