Жумгалда мыйзамсыз айлык төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби Загрузка... 19 Май 2025 15:27
1714127389.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Жумгалда мыйзамсыз айлык төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 2024-жылы Чаек айыл өкмөтүндө иштебеген жарандарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөндүгү жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине ашыкча айлык эсептелгендиги аныкталган. Натыйжада мамлекетке келтирилген жалпы зыян 845 миң140 сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.