Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнү мамлекеттин эсебинен каржылоо зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, АКШ, КМШ, Европанын бир катар мамлекеттеринде мектеп бүтүрүүчүлөрүнө уюштурула турган тестти өлкө өзү каржылайт.
Мындан улам Дастан Бекешев ЖРТны өткөрүү иштеринде реформа жүргүзүү керек деп эсептейт.
“Бюджет өстү. Мамлекет бул тармакка каражат бөлүшү керек. Канча каражат болсо да бөлүп берели. Үй-бүлөгө күч келтирбей, тестти акысыз кылалы. Мамлекет өзү бүтүрүүчүлөрдү даярдайт. Ошондуктан канчалык деңгээлде биздин балдарыбыз окууну бүтүп жатканын мамлекет өзү карашы керек”, - деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал ЖРТны тапшыргандан кийин жыйынтыгын чыгарууну тездетүү зарылдыгын айтты.
“Беларусь, Россияда ушундай тесттерди тапшырышат. Жыйынтыктары бат эле чыгат. Биз мына санариптештирүү боюнча маселени коюп жатабыз. ЖРТ тармагында санариптештирүү иштери жок болуп жатат. Компьютерлер жок болуп жатса, университеттердин деңгээлинде тесттерди уюштуралы, мамлекеттик органдар да жардам берсин”, - деп белгиледи.