Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) уюштуруу жана өткөрүү иштерине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутаттын айтымында, ЖРТны көп жылдан бери мамлекеттик эмес уюм – Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору өткөрүп келет. Ушуга байланыштуу ал борбордун ишин мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөө, жооптуу мекемелердин милдеттерин тактоо жана тестирлөөдөн түшкөн каражаттардын пайдаланылышынын ачык-айкындуулугу боюнча маселелерди көтөрдү.

Ошондой эле быйыл сертификаттарда жана тесттик тапшырмаларда каталар кеткенин, абитуриенттер менен ата-энелерге маалымат жеткирүү жетишсиз болгонун белгиледи.
Талиева тесттик материалдарды даярдоого көзөмөлдү күчөтүп, тапшырмалар мектеп программасына шайкеш болушу керектигин айтты.
Ал ЖРТ өткөрүү системасын өркүндөтүү үчүн "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.