Жогорку Кеңештин 4 комитетине жаңы төрагалар шайланды

Жогорку Кеңеш 18 март 2026 17:17
Жогорку Кеңештин 4 комитетине жаңы төрагалар шайланды
copyright icon Жогорку Кеңеш

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрт комитетине жаңы төрагалар шайланды. Эл өкүлдөрү аларга жыйында жашыруун добуш беришти.

Ага ылайык, депутат Бакыт Тентишев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына, Гүлнара Акимбаева Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаков, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагалыгына Ырысбек Атажанов шайланды.