Парламенттин тармактык комитети бир катар токтом долбоорлорун жактырды

Жогорку Кеңеш 28 сентябрь 2026 12:50
Парламенттин тармактык комитети бир катар токтом долбоорлорун жактырды
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйыны өттү.

Анда эл өкүлдөрү бир катар маселелерди карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

Атап айтсак, Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтомунун аткаруу мөөнөтүн узартуу тууралуу токтом долбоору каралып, комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Ошондой эле “Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө” токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алуу маселеси талкууланып, документ эл өкүлдөрү тарабынан жактырылды.