ЖК комитети бир катар мыйзам долбоорлорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 15 сентябрь 2026 17:45
ЖК комитети бир катар мыйзам долбоорлорун I окууда жактырды
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/ Бүгүн Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламент билдирет.

Алсак, "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери онлайн лотереяларды, санариптик ойнотууларды жана бинардык опциондорду укуктук жөнгө салууну белгилөө, бул чөйрөдөгү мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу, жарандардын укуктарын коргоо, аталган инструменттерди кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого пайдаланууга жол бербөө болуп саналат.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү интернеттин жана заманбап техникалык каражаттардын кеңири жайылышы менен алдамчылык фактылары да көбөйүп жатканын жүйө келтирип, жарандарды алдамчылык схемалардан коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдиришти.

Андан тышкары, жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору да колдоого ээ болду.

Баяндамачы Беназир Нурланованын айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө иштин деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган риелтордук ишти укуктук жөнгө салуу максатын көздөйт. Тагыраагы, риелтордук иш менен алектенген субъекттерди милдеттүү түрдө каттоону жана сертификациялоону белгилөө сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков кыймылсыз мүлк боюнча бүтүмдөрдү менчик ээлеринин өздөрү жана риелторлор аркылуу жүргүзүү тартибине байланыштуу бир катар суроолорду узатса, эл өкүлү Улан Примов кыймылсыз мүлк рыногун мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилөө менен бирге тиешелүү жол-жоболорду ашыкча бюрократиялаштырууга жол бербөө керектигин айтты.

Ал эми депутат Айсаракан Абдибаева риелтордук ишти жөнгө салууну күчөтүү зарылдыгын колдоп, бул тармакта жарандарды алдаган учурлар да кездешерин билдирди. Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун колдоп, анын кабыл алынышы батирлерди ижарага берүүдө ортомчулар тарабынан келтирилген мыйзам бузууларды азайтууга жана риелторлордун салыктык башкаруусун жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле депутаттар Дастан Бекешев жана Уланбек Жаанбаев сунушталып жаткан ченемдердин аткарылышын камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды так аныктоо зарылдыгына көңүл бурушту.

Муну менен катар "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жактырылды.

Бул мыйзам долбоорунун максаты - катышуучуларга административдик жүктү азайтуу, ашыкча талаптарды жоюу, жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле ченемдик укуктук базаны санариптештирүүнүн заманбап шарттарына ыңгайлаштыруу максатында баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун айрым жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу.