Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин комитети бир катар мыйзам долбоорлорун карады.
Парламенттен билдиришкендей, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карады.
Алсак, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр депутаттар Бактыяр Калпаев, Равшанбек Рысбаев жана Салтанат Аманова тарабынан сунушталган.
Демилгечилердин бири, депутат Бактыяр Калпаев белгилегендей, аталган мыйзам долбоору "Кыргыз тили жана адабияты" адистиги боюнча жогорку кесиптик билим жөнүндө дипломду мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүүнү тастыктаган документ катары таанууга жана кошумча түрдө тест тапшыруу зарылдыгын жоюуга багытталган.
Ошондой эле жыйында "КР "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору да экинчи окууда каралып, жактырылды.
Бул мыйзам долбоор депутаттар Айсаракан Абдибаева, Бекмурза Эргешов, Жаныбек Аматов, Умбеталы Кыдыралиев, Махабат Мавлянова, Токтобүбү Ашымбаева, Бактыяр Калпаев, Жайлообай Нышанов, Гүлнара Акимбаева, Азамжан Жалилов, Карим Ханжеза, Бекмырза Чолпонбай уулу, Эркеайым Сейтказиева жана Темирлан Айтиев (мурдагы депутат) тарабынан демилгеленген.
Демилгечилердин бири, депутат Бекмырза Чолпонбай уулунун айтымында, мыйзам долбоору укуктук боштуктарды жоюу жана жарандардын өз мүлкүн эркин тескөө менен мүлктү керээз боюнча мурастоо (жакын тууганы болбогон адамдар үчүн) жаатындагы конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.