Жети-Өгүз районунда милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

Аймак Жүктөлүүдө... 02 Апрель 2025 17:30
5_nekPdjN.jpg
6_OQnYwuI.jpg
7_CT2L06z.jpg
8_tSKF9I3.jpg
Алдыга
Артка
5_nekPdjN.jpg
6_OQnYwuI.jpg
7_CT2L06z.jpg
8_tSKF9I3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жети-Өгүздүн Дархан айылында райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы 2 кабаттуу имаратынын ачылышы болду.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, айылдык милиция бөлүмчөсүнө милициянын ардагери Ургазы Иманакуновдун ысымы берилди.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, милициянын ардагерлери, кызматкерлер, жергиликтүү тургундар жана ардагер Ургазы Иманакуновдун жакындары катышты.

Иички иштер министри Улан Ниязбековдун милиция кызматкерлерине материалдык, техникалык жана иш шарттарын түзүп, ар дайым көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жаткандыгына ардагерлер терең ыраазычылыгын билдиришти.

Жаңы имарат Ички иштер министринин демилгеси менен "100 жылдыкка – 100 имарат" долбоорунун алкагында курулуп, пайдаланууга берилди.