Ала-Букада милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

Аймак 13 Июнь 2025 10:35
1.jpg
505414911_1105956228220044_8646430731855066112_n.jpg
505415003_1105956221553378_2039977325044315167_n.jpg
505446714_1105956331553367_6522954651132856024_n.jpg
506071148_1105956158220051_2081939666147638548_n.jpg
506504178_1105956381553362_3318286186205983617_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Ала-Бука райондук Ызар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ачылуу аземине ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов, Ала-Бука райондук акиминин орун басары Жанарбек Токтогулов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, ошондой эле милиция кызматкерлери жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берип, кызматтык ишти уюштурууга жана жарандарды кабыл алууга керектүү шарттар менен жабдылган. Ыңгайлуу шарттарды түзүү милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.