Кыргызстан менен АКШ мамилелерди тереңдетүүгө ынтызарлыгын ырасташты

Саясат Загрузка... 22 Октябрь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Кыргыз тарап америкалык инвестицияларды тартууга, АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өлкө экономикасына катышуусун кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анда визалык маселелер өзүнчө каралды.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-америка мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө эки тараптын ынтызарлыгын ырасташты жана үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты.