Жаңы окуу жылында 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алат

Билим 21 Август 2026 10:45
1775109.99d41ba63d3d241bee5db31443717af3.jpg

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Жаңы окуу жылында республиканын мектептеринде 1 млн 586 миңден ашык бала билим алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы маселелери боюнча жыйында билдирди.

6a86eaeee0a62.jpg

Жыйындын жүрүшүндө мектептердин жана бала бакчалардын даярдыгы, педагогикалык кадрлар, окуу китептери жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшүнө, аларды пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнө, ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда капиталдык оңдоо жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.