Жаңы окуу жылына базистик окуу пландары бекитилди

Билим Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 12:05
WhatsApp Image 2026-07-27 at 11.52.35.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык мектептик билим берүү жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү класстар үчүн базистик окуу пландары бекитилди.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, мектептер 12 жылдык окуу системасына акырындык менен өтүп жатат. Өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардын окуучулары жаңы окуу программалары жана жаңы окуу китептери менен билим алышат. Ошондой эле 8-класстарда келечектеги кесипти тандоого жардам берүүчү багыттагы сабактар жумасына 2 сааттан киргизилет.

Ал эми 11 жылдык система боюнча окуусун уланткан 3, 4, 9, 10 жана 11-класстар мурдагыдай эле 11 жылдык мектеп үчүн даярдалган программалар жана окуу материалдары менен окушат. Чет тили сабагы боюнча да колдонулуп келген окуу комплекстери пайдаланылат.

Андан сырткары, өлкөдө өткөрүлө турган ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.

2026–2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги:

– күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11–15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);

– кышкы – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1–10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);

– жазгы – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3–8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);

– майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1–9-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.

Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.