Жаштарга жасалма интеллектти туура колдонуу үйрөтүлүшү зарыл – окумуштуу

Пикир
Жаштарга жасалма интеллектти туура колдонуу үйрөтүлүшү зарыл – окумуштуу

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Заманбап технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, алынган маалыматты талдай билүү жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн калыптандыруу бүгүнкү күндө жаш илимпоздорго жана изилдөөчүлөргө коюлган негизги талаптардын бири. Бул тууралуу мамлекеттик башкаруу илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Кытай инновациялык изилдөө институтунун директорунун орун басары Досаалы Иманбердиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жасалма интеллект илимий изилдөөлөрдө жана билим берүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканы менен, анын берген маалыматтарын сын көз караш менен талдап, туура баалай билүү зарыл.

“Жаштарды туура ой жүгүртүүгө, сынчыл көз караш менен анализ жүргүзүүгө үйрөтүшүбүз керек. Анткени жасалма интеллект берген маалыматты талдай албасак, анын деңгээлинен жогору көтөрүлө албайбыз. Ошондуктан студенттерди жасалма интеллектти туура колдонууга гана эмес, анын иштөө өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө да үйрөтүү зарыл”, — деди ал.

Эксперт жаштар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү менен катар компьютердик сабаттуулук да өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал илимди өнүктүрүүдө жаштардын гана эмес, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик башкаруу тармагындагы адистердин да жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи.

“Мамлекеттин келечеги илимге байланыштуу. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, илим теориялык изилдөөлөр менен гана чектелбестен, практикалык иштер менен айкалышып, мамлекет тарабынан колдоого алынганда натыйжа берет. Биз да дүйнөлүк бийиктиктерге илим аркылуу жетишибиз керек”, — деп кошумчалады Иманбердиев.