Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда биотехнология, санариптик экономика, энергетика, экология, медицина жана инженердик технологиялар илимдин артыкчылыктуу багыттары болушу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, аталган багыттар менен катар философия, саясат таануу жана улуттук коопсуздук маселелерине да өзгөчө көңүл буруу зарыл.
“Кыргызстан үчүн кыргыз тилиндеги жасалма интеллектти өнүктүрүү, суу жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, биотехнология, климаттын өзгөрүшү, санариптик экономика жана улуттук коопсуздук стратегиялык мааниге ээ. Бул багыттар өлкөнүн көз карандысыздыгын жана экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө кызмат кылат”, — деди ал.
Ошондой эле ал илимий изилдөөлөрдө жасалма интеллект, Big Data, географиялык маалымат системалары (GIS), компьютердик моделдөө жана санариптик маалымат базаларын кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, бул технологиялар изилдөөлөрдүн тактыгын, ылдамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат.
Мындан тышкары, ал бүгүнкү күндө илимпоздордун алдында турган милдеттерге токтолду.
“Илимпоздон жаңы билимдерди жаратуу, инновациялык ой жүгүртүү, заманбап технологияларды өздөштүрүү жана илимий натыйжаларды мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттоо талап кылынат. Эң башкысы илимпоз коомдогу жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү алдын ала көрө билүүгө тийиш”, — деп белгиледи Токон Мамытов.