Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда курула турган жасалма интеллект борбору мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов “Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллект бүгүнкү күндө бардык тармактар боюнча маселелерди чечүүнүн ыкчам жолу болуп саналат.
“Жасалма интеллект бүгүнкү күндө бардык тармактар боюнча маселелерди чечүүнүн ыкчам жолу болууда. Бизге жасалма интеллект борбору биринчи кезекте мамлекеттик башкарууну ылдам жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн керек. Андан кийин ал жарандардын, элдин маселелерин чечүүгө жардамын тийгизип баштайт. Учурда алдыңкы жана эл аралык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Себеби, мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу үчүн бизге инвестициялык колдоо зарыл болуп саналат”,-деди министр.